Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Астыга салынып отуруу үчүн саңсан көрпөдөн же башка териден жасалган үй буюму. Кара күрпө көлдөлөң, Баяндоз кабат бүктөгөн («Эл адабияты»). Кымка төрүнө саңсаң көлдөлөңүн жайып, эшигин ачты (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
диал. 1. Бир нерсенин туурасы, каршысы. Көчөнү көлдөлөң тосуп, эл небак чогулган (Жантөшев). Алдыңа келдим көлдөлөң, каталык болсо кечиргин (Барпы). Көлдөлөңүн ченесең, Туз таман жону бар («Манас» С. О.). 2. Бир нерсенин чогулган, көп болуп жыйылган тобу.